촽ֱ

БААУнун командасы билим берүү жана илимий байланыштардагы жасалма интеллектке арналган Эл аралык конференцияга катышты

БААУнун командасы билим берүү жана илимий байланыштардагы жасалма интеллектке арналган Эл аралык конференцияга катышты

17&Բ;декабря&Բ;2024

#SEBA#CTLT

Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин (БААУ) командасы жакында абройлуу Эл аралык “Human–AI Synergy for Effective English Language Teaching of Science Communication in a Multidisciplinary, Multicultural Context” конференциясына катышты. Саамалык 21-23-ноябрь күндөрү Москва физикалык-техникалык институтунда болуп өттү.

Конференциянын веб-сайты:

Конференция жасалма интеллектти билим берүү жана илимий байланыштарга интеграциялоонун инновациялык жолдорун талкуулоо максатында 13 өлкөнүн билим берүү, илим жана технологиялар тармагындагы адистеринин башын бириктирди.

БААУнун Бизнес администрациялоо (SEBA) программасынын доценти Наталья Корестелева жана Билим берүү, окутуу жана технологиялар борборунун директорунун орун-басары Екатерина Комбаровадан куралган БААУнун командасы жасалма интеллектти “Бизнес-байланыштар” курсунда пайдалануу тажрыйбасы менен бөлүштү. Алар өз чыгууларында дүйнөнүн педагогдоруна пайдалуу боло турган практикалык идеялар менен конкреттүү сунуштамаларды беришти.

Команда жасалма интеллектти билим берүү процессине эффективдүү түрдө интеграциялоо үчүн БААУнун академиялык программалары менен Билим берүү, окутуу жана технологиялар борборунун ортосундагы кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Конференцияда жасалма интеллект доорундагы академиялык чынчылдык, окутуу жана кер байланышты камсыздоодогу генеративдик жасалма интеллект, жасалма интеллект маданияттар аралык жана кесипкөйлүк контексттерде сыяктуу темалар камтылган докладдар менен талкуулардын кенен спектри тартууланды.

Ошондой эле БААУнун командасы 20-ноябрда Pre-Conference Day иш-чарасынын алкагында алдыңкы орусиялык университеттер менен жогорку технологиялык ЖИ-компаниялардын стратегиялык сессиясына да активдүү катышты.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028