17&Բ;декабря&Բ;2024
БААУда декабрдын башында Рождество майрамына карата жарманке жана дармарка өткөрүлгөн. Иш-чара “Жашыл БААУ” программасынын алкагында Жарандык активдүүлүк борбору тарабынан Жашыл ыктыярчылык студенттик клуб менен биргеликте уюштурулган.
Мындай иш-чаралар БААУда такай өткөрүлүп турат жана ага көптөгөн студенттер, окутуучулар жана кызматкерлер чоң кубануу менен катышып келет. Анын үстүнө бул экологиялык жоопкерчиликтүү жүрүм-турумду кармануу менен жаңы жылдык белектерди даярдоо үчүн мыкты мүмкүнчүлүк болду.
Дармарканын эрежелери өзгөрүүсүз калды - кереги жок бирок жакшы абалдагы каалаган буюмду алып келүүгө болот. Ал кийим-кече, бут кийим, зер буюмдар, аксессуарлар, китеп жана башкалар болуусу мүмкүн. Башкысы алардын баары жакшы абалда болуусу кажет. Алынып келинген буюмдун ордуна башка жактырган нерсени алууга же аны символикалык баага сатып алуу мүмкүнчүлүгү каралган. Түшкөн каражаттардын баары кайрымдуулук максатта жумшалат.
Иш-чаранын алкагында экологиялык темада жаңы жылдык викторина орун алып, жарамнкенин катышуучулары белектерди камдашкан. Студенттер суроолорго активдүү жооп берип, жооптордун көбү оригиналдуу болду. Айтор викторинанын катышуучулары туура жооптору үчүн белектерди алып гана тим болбостон, жаңы жылды курчап турган айлана-чөйрөгө зыян келтирбей кантип тосуу боюнча идея алмашууга да жетишишти.
Бул жолу Рождество майрамына карата викторина болуп көрбөгөндөй ар тараптуу болду. Жергиликтүү экоөндүрүүчүлөрдүн азыктарын сатып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Жергиликтүү чеберлердин буюмдары кенен тартууланды - этностилде кийим-кече, шырдактар, жүндөн кийим-кечелер, автордук зер буюмдар жана оюнчуктар, колдо жасалган самын менен шамдар жана башкалар.
Уюштуруучулар эмки жарманкени февраль айында өткөрүүнү пландаштырышууда.