Аралыктан окуган студенттер, конок студенттер, музыкалык индивидуалдык сабактар, башка жеке сабактар жана кошумча кредиттер үчүн төлөмдөр ар бир окуу жылы үчүн расмий БААУ буйругуна ылайык белгиленет жана курстарга катталганга чейин төлөнүшү керек. Толук маалымат төмөндө берилет:
Толук убакытта окуган студенттер белгилүү бир семестр ичинде 24төн 33кө чейинки кредитке катталган студенттер болуп эсептелет.
Аралыктан окуган студенттер семестр ичинде 24 кредиттен аз кредитке катталган студенттер. Алар ар бир кредит саатына жараша төлөшөт.
Конок студенттер ар бир кредит саатына жараша төлөм жүргүзүшөт.
Фортепиано, комуз, ырдоо жана башка музыкалык жеке сабактар үчүн өзүнчө төлөм каралган. Бул төлөм студенттин кадимки окуу акысынан тышкары төлөнөт.
Айрым себептерден улам студенттер окутуучу менен макулдашуу аркылуу музыкалык эмес жеке сабактарды ала алышат. Бул төлөм студенттин кадимки окуу акысынан тышкары төлөнөт жана семестр үчүн алынган кошумча кредитке жараша жүргүзүлөт.
Бул Саясат Борбордук Азиядагы Америка университетинде (БААУ) окуу акысын төлөө үчүн жалпы көрсөтмөлөрдү берет.