Башка жогорку окуу жайынан БААУга которулууну каалаган студент БААУга кабыл алуу арызын жана буга чейин алган академиялык сабактарынын толук транскриптин тапшырышы керек. Которуу процесси Аттестациялык комитет тарабынан транскрипттин анализинин негизинде жүргүзүлөт. Бул комитеттин курамына университеттин президенти, академиялык иштер боюнча вице-президент, бөлүм жетекчилери жана Каттоо кеңсесинин кызматкерлери кирет. Эгерде Аттестациялык комитет студенттин арызын оң чечсе, Каттоо кеңсеси студентти кабыл алуу тууралуу буйрук чыгарат.
БААУнун окуу программаларына шайкеш келген гана курстар которулат. Которулуучу курстар студент алган бааларга жараша төмөнкү талаптарга жооп бериши керек. Тамгалык баа берүү системасында "C" же андан жогору баалар, мурунку советтик сандык система боюнча "3" же андан жогору баалар кабыл алынат. "Passed" баасы спорт жана музыка сабактары үчүн гана кабыл алынат. БААУда алынбаган же студент алмашуу программасынын алкагында алган курстар анын GPA көрсөткүчүнө таасир этпейт.
Котормо жолу менен окууга тапшырууну каалаган студенттер Жалпы академиялык эрежелер бөлүмүн карап чыгышы же кошумча маалымат алуу үчүн БААУнун Кабыл алуу кеңсесине кайрылышы керек.