촽ֱ

Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Өнөктөштөр

Өнөктөштөр

Улуттук Демократиялык Институт (NDI)

Улуттук Демократиялык Институт (NDI) – бул дүйнө жүзү боюнча жарандардын катышуусу, ачыктык жана өкмөттүн жоопкерчилиги аркылуу демократиялык институттарды колдоого жана бекемдөөгө багытталган коммерциялык эмес, бейтарап жана өкмөттүк эмес уюм. 1983-жылы негизделгенден бери NDI жана анын жергиликтүү өнөктөштөрү демократиялык институттар менен практикаларды бекемдөө боюнча иш алып барышып, саясий партияларды, жарандык уюмдарды жана парламенттерди колдоого, шайлоолордун коопсуздугун камсыз кылууга жана жарандардын активдүү катышуусун, ачыктыкты жана өкмөттүн жоопкерчилигин илгерилетүүгө көмөктөшүп келишет.

“Жаштар аракетте” долбоору жаштарга өз коомчулуктарында өзгөрүүлөрдү жетектөө мүмкүнчүлүгүн берүү максатын көздөйт. БААУнун Жарандык жигердүүлүк борбору менен өнөктөштүктө NDI жаштарды ар түрдүү коомчулуктарга тартып, жарандарга жергиликтүү чечим кабыл алуучулар, жашоочулар жана башка кызыкдар тараптар менен конструктивдүү мамилелерди түзүүгө, жарандардын муктаждыктарын туура аныктап, чечүүгө жардам берет.

Бул долбоор тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүнбасыңыз.

Алардын сайты: Бул блокко шилтеме:

Link to this block: /kg/cce_partners/#b767

БУУ-Аялдар

2012-жылдын февраль айынан бери толук кандуу өлкө кеңсеси катары иш алып барган Кыргызстандагы БУУ-Аялдар – Борбор Азиядагы биринчи кеңсе болуп саналат. Уюм Кыргызстандын аялдары менен кыздарынын укуктары, коопсуздугу, тең укуктуулугу жана ар-намысы үчүн активдүү жактоочу болуп келет.

Алардын сайты:

Link to this block: /kg/cce_partners/#b768

Кыргызстандагы деректер мектеби

Кыргызстандагы Даталар мектеби – бул Кыргызстанда маалыматтык журналистиканы жана маалымат сабаттуулугун жайылтууга багытталган өкмөттүк эмес уюм.

Алардын сайты:

Link to this block: /kg/cce_partners/#b769

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028