Жарандык Жигердүүлүк – бул жарандардын коомдук кызыкчылыктарды камтыган маселелерди чечүүгө жигердүү катышуусу. Жарандык активдүүлүк адамдар өздөрүнүн аймагында, шаарында же өлкөсүндө болуп жаткан окуяларга кайдыгер карабаган учурда көрүнө баштайт. Алар коомдук жана экономикалык көйгөйлөрдү чечүү максатында саясий же саясий эмес иш-аракеттерге катышуу аркылуу жарандык ишмердүүлүк кылыша
Жыл сайын Кыргызстандын жарандары жашаган социалдык чөйрөдө көптөгөн көйгөйлөргө туш болушат. 2019-жылдагы маалыматтардын анализине ылайык, борборубуз – Бишкек шаарынын негизги көйгөйлөрү төмөнкүлөр болуп саналат:
Муну тактоо үчүн, жогоруда көрсөтүлгөн көйгөйлөр Бишкек шаарында жашаган тургундар арасында жүргүзүлгөн сурамжылоолордун негизинде активисттер тарабынан аныкталган. Бирок, Кыргызстанда жалпы 30 шаар жана 453 айыл бар экенин эске алуу өтө маанилүү. Бул болсо өлкөбүздүн жарандары күн сайын туш болуп жаткан социалдык көйгөйлөрдүн масштабы кыйла кеңири экенин көрсөтөт. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын ар бир жараны кайдыгер эмес болуп, ар бир жаран үчүн сапаттуу жана коопсуз жашоону камсыз кылууга аракет кылышы керек.
Мисал катары, "Жаштар аракетте" кыймылы биздин өлкөдө жарандык активдүүлүктүн маанилүүлүгүн көрсөтүп берген жаркын үлгү болуп саналат. "Жарандар аракетте" долбоорунун алкагында Борбор Азиядагы Америка университетинин активисттери Бишкектин колдоого муктаж райондоруна көңүл буруп, Эне-Сай жана Маевка конуштарынын тургундарын тынчсыздандырган негизги көйгөйлөрдү аныкташкан. Көйгөйлөрдүн көбү жол белгилеринин, ылдамдыкты азайтуучу төмпөктөрдүн жана жарыктандыруунун жетишсиздигине байланыштуу болгон. Мындан тышкары, түштүк аймактардан – Ош, Жалал-Абад жана Баткенден келген активисттер Автовокзал айылында жергиликтүү тургундар менен биргеликте көпүрө жана транспорт көйгөйлөрүн чечүүдө чоң иштерди аткарышты. Чындыгында, жарандардын ынтымагы коомдогу ар кандай көйгөйлөрдү чечүүгө чоң түрткү жана дем боло алат.
"Жарандар аракетте" долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн уникалдуу командалык иштин натыйжасында каражат бөлүү маселеси чечилип, Кемин районун өнүктүрүү фонду атайын жабдууларды сатып алуу үчүн керектүү сумманы бөлүп берди. Жабдуулардын жетишсиздиги маселеси демилгелүү топтун ишмердүүлүгүнүн жана бийликтин колдоосунун аркасында чечилди. Активисттердин аткаруу жана өкүлчүлүк бийлик органдары менен ийгиликтүү биргелешип иштөөсү аларды баштаган иштерин улантып, айылдагы учурдагы көйгөйлөрдүн үстүнөн иштөөгө шыктандырды. Мындан тышкары, тургундар өз тажрыйбасынан маселе чечүүгө жана өз жашоо шарттарын жакшыртууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар экенин түшүнүштү.
Жарандык жигердүүлүк ар түрдүү жолдор менен ишке ашырылышы мүмкүн. Кыргызстанда кеңири тараган жарандык жигердүүлүктүн түрлөрүн тактоо жана активисттердин жарандык маселелерге жана коомдук уюмдардын ишине кантип тартылганын жакшыраак түшүнүү үчүн долбоорлор изилденип, төрт негизги категорияга бөлүндү
Кыргызстандагы жарандык жигердүүлүктүн түрлөрү ("Жаштар аракетте" кыймылынын ишмердүүлүгүнүн негизинде):
1. Жарандык жигердүүлүк боюнча билим берүү
2. Социалдык долбоорлор аркылуу жигердүүлүк
3. Ыктыярдуулук
4. Саясий жигердүүлүк
“Rio +” – Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында жарандык жигердүү адамдар тарабынан ишке ашырылган ири долбоорлордун бири. Rio + – бул ар бир жаран Рио-де-Жанейрону өнүктүрүүгө багытталган ар кандай көлөмдөгү долбоорду сунуштай ала турган платформа. Бул платформада шаарды жакшыртууга арналган көптөгөн идеялар тизмеге алынган, анын ичинде мобилдик тиркемелерден тартып шаар райондорун бириктирген туннелдерге чейинки долбоорлор бар. Rio + платформасы колдонууга жеңил жана долбоорлор категорияларга бөлүнгөн. Тизмеге киргизилгенден кийин, алардын негизинде техникалык-экономикалык негиздеме жүргүзүлөт, ал эми мыкты идеялар интернет аркылуу жана Рио шаарында добуш берүү жолу менен тандалат. Ар бир категория боюнча мыкты долбоор тандалгандан кийин, анын ишке ашырылышына шаар бийлиги жооптуу болот.
2011-жылы социалдык адилеттүүлүк лидери Анна Хазар Индиянын узак убакыттан бери күтүлүп жаткан коррупцияга каршы саясаты – Ян Локпал мыйзамын кабыл алууга саясатчыларга басым жасоону каалаган. Алгач коомдук колдоо көрсөтүү максатында 80 миң SMS жөнөтүлүп, андан кийин Анна жергиликтүү номерге “өтүп кеткен чалуулар” аркылуу кыймылга кошулууга чакырган. Эки жуманын ичинде колдоочулар 35 миллионго жакын чалуу жасашкан. Анна жана анын командасынын новатордук ишинин негизинде Crowdring аттуу мобилдик петиция куралы иштелип чыгып, ал акысыз “өтүп кеткен чалууларды” петицияга кол коюу ыкмасына айланткан.
Жарандык жигердүүлүк БААУнун баалуулуктарынын негизи болуп саналат, анткени университет Борбордук Азия аймагынын келечектеги лидерлерин даярдоого умтулат. Биздин студенттер, окутуучулар, кызматкерлер жана бүтүрүүчүлөр өз коомдорунда активдүү катышуучулар болуп саналат. Коомго кызмат кылуу, билим бөлүшүү жана коомго салым кошуу биздин окуу жайдын руху аркылуу сиңирилет.
Жарандык жигердүүлүк сертификаты: OSUN программасы
Жарандык жигердүүлүк тармагында кандайдыр бир тажрыйбага ээ болгон 1-курстун, 2-курстун жана 3-курстун студенттери Ачык коом университеттер тармагы (OSUN) жана Бард колледжи тарабынан сунушталган Жарандык жигердүүлүк сертификатына тапшыра алышат!
Программанын жалпы баяндамасы:
Жарандык жигердүүлүк сертификаты бакалавр студенттери үчүн жарандык жана коомдук жигердүүлүк боюнча билимдерин жана түшүнүктөрүн тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк берген түзүмдүк жолду камсыздайт. Программа студенттердин жарандык, демократиялык катышуу, жарандык коом жана социалдык аракеттер теориялары боюнча билимдүү болушун, жергиликтүү коомчулук менен тааныш болушун, ошондой эле жергиликтүү, улуттук жана глобалдык байланыштарды түшүнүүсүн шарттайт. Сертификатка кирген курстар жарандык жигердүүлүктүн теориялык жана практикалык темаларына багытталган. Бул сертификат ар бир студенттин транскриптине киргизилет.
Программанын талаптары:
3-курста же 4-курста студенттер өздөрүнүн жарандык жигердүүлүк ишмердүүлүгүнө байланышкан жазуу жүзүндөгү аналитикалык эссе же башка форматтагы ишти даярдайт. Мүмкүн болгон учурда, жыйынтыктоочу долбоордун ордуна студенттер жигердүүлүккө байланышкан талдоону бүтүрүүчү/капстоун долбооруна киргизе алышат.
Мындан тышкары, студенттер Студенттик демилгелерди өнүктүрүү программасына (SIDP) кайрылып, жыйынтыктоочу долбоорун иштеп чыгуу үчүн каржылык колдоо ала алышат (1000 АКШ долларына чейин). Долбоорлордун критерийи – коомдогу социалдык, экономикалык, экологиялык жана билим берүү багытындагы көйгөйлөрдү чечүүгө багытталуусу зарыл. SIDP программасы тууралуу көбүрөөк маалыматты алардын алса болот.
Жарандык жигердүүлүк сертификаты тууралуу көбүрөөк билүү үчүн: