БААУнун Жарандык жигердүүлүк борбору (ЖЖБ) БААУнун студенттеринин, окутуучуларынын жана кызматкерлеринин өз коомдоруна пайдалуу мүчө жана лидер болушун камсыздоону улантып, өзгөчө коомдук маанилүү маселелерге ой жүгүртүү менен катышуусун өнүктүрүүгө багытталган.
БААУнун Жарандык жигердүүлүк борборунун миссиясы үч негизги багыттан турат:
Бул миссияны ишке ашыруу үчүн биз БААУнун бардык академиялык бөлүмдөрүндө практикалык жана коомчулукка багытталган окутуу ыкмаларын интеграциялоону колдойбуз; студенттерге жана окутуучуларга жарандык жигердүүлүк долбоорлорун жана тиешелүү изилдөөлөрдү иштеп чыгуу жана ишке ашырууда көмөк көрсөтөбүз; жарандык жигердүүлүктүн негизги түшүнүктөрү жана көндүмдөрү боюнча семинарлар жана тренингдер өткөрөбүз; жарандык коом өкүлдөрү, мамлекеттик өнөктөштөр, жеке компаниялар жана коомдук жыргалчылык үчүн кызматташууга кызыкдар эл аралык өнөктөштөр менен узак мөөнөттүү кызматташтыкты түзүп жана башкаруу ишин жүргүзөбүз; ошондой эле БААУнун академиялык мыктылыгын жана либералдык билим берүү ыкмасын колдонуу менен коомдук маанилүү маселелерге активдүү катышабыз.
ЖЖБнын программалары студенттер үчүн жарандык жигердүүлүктүн ар кандай мүмкүнчүлүктөрүн камтыйт, анын ичинде ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан SIDP (Студенттик демилгелерди өнүктүрүү программасы), ACEP (Афган жарандык жигердүүлүк программасы), “Экологиялык парк” Карагай токоюн калыбына келтирүү долбоору, Улуттук Демократиялык институт менен өнөктөштүктөгү “Жаштар аракетте” программасы жана башка долбоорлор бар. ЖЖБнын билим алмашуу демилгесинин алкагында ачык лекциялар, онлайн жана бетме-бет иш-чаралар үзгүлтүксүз уюштурулуп турат.
БААУнун вице-президенти / Башкы операциялык директор
БААУ ЖЖБнын директору
Жарандык жигердүүлүк борборунун аткаруучу директору
Студенттик демилгелерди өнүктүрүү программасынын координатору
"Жашыл БААУ" программасынын координатору
Туруктуулук боюнча координатор
КЕНЕНИРЭЭК ОКУҢУЗ: